Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ኢብራሂም   አንቀጽ:

Ибрахим

ከመዕራፉ ዓላማዎች:
إثبات قيام الرسل بالبيان والبلاغ، وتهديد المعرضين عن اتباعهم بالعذاب.
Элчилердин динди жеткиркендигин бекемдөө, жүз бургандарды азап менен коркутуу

الٓرۚ كِتَٰبٌ أَنزَلۡنَٰهُ إِلَيۡكَ لِتُخۡرِجَ ٱلنَّاسَ مِنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ بِإِذۡنِ رَبِّهِمۡ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ
Алиф, Лам, Ра. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү Бакара сүрөөсүнүн башталышында айтылган. О, пайгамбар! Аллахтын каалоосу жана жардамы менен сен адамдарды каапырлыктан, билимсиздиктен жана адашуудан ыймандуулукка, илимдүүлүккө, туура жолго чыгарууң үчүн жана эч ким жеңе албаган Күчтүү, бардык нерседе мактоого татыктуу Аллахтын жолу болгон Ислам динине чакырууң үчүн Биз сага бул Куран китепти түшүрдүк.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ٱللَّهِ ٱلَّذِي لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَوَيۡلٞ لِّلۡكَٰفِرِينَ مِنۡ عَذَابٖ شَدِيدٍ
Асмандардагы жана жердеги мүлктөр жалгыз Аллахка гана таандык. Андыктан Ага жаратылгандардан эч кимди шерик кылбастан сыйынылууга Өзү гана татыктуу. Каапыр болгондорго катуу азап жетет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ٱلَّذِينَ يَسۡتَحِبُّونَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا عَلَى ٱلۡأٓخِرَةِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَيَبۡغُونَهَا عِوَجًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ فِي ضَلَٰلِۭ بَعِيدٖ
Каапыр болгондор бул дүйнө жашоосун жана андагы убактылуу жыргалчылыктарды акыреттен жана андагы түбөлүктүү жыргалчылыктардан жогору коюшат. Ошондой эле адамдарды Аллахтын жолунан адаштырышат жана Аллахтын жолун бурмалоону, адамдарды чындыктан адаштырууну жана ал жолду эч ким карманбоосу үчүн ал жолду кармануудан адамдарды башка жакка бурууну каалашат. Мына ушул сыпаттар менен сыпатталгандар акыйкаттан жана тууралыктан алыстаткан адашууда.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن رَّسُولٍ إِلَّا بِلِسَانِ قَوۡمِهِۦ لِيُبَيِّنَ لَهُمۡۖ فَيُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Аллах тараптан алып келген нерсени түшүнүү жеңил болуусу үчүн кайсы элчини жибербейли, өз элинин тилинде сүйлөгөн адамды гана элчи кылып жибердик. Жана Биз аны Аллахка ыйман келтирүүгө адамдарды мажбурлоосу үчүн жибербедик. Аллах кимди кааласа адилеттүүлүгү менен адаштырат жана кимге кааласа Өз жакшылыгы менен туура жолду карманууга ийгилик берет. Ал эч кимге жеңилбес Күчтүү. Жаратканында жана башкаруусунда Даанышман.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَآ أَنۡ أَخۡرِجۡ قَوۡمَكَ مِنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ وَذَكِّرۡهُم بِأَيَّىٰمِ ٱللَّهِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّكُلِّ صَبَّارٖ شَكُورٖ
Чындыгында Биз Мусаны жибердик жана анын чынчылдыгын жана ал Раббиси тарабынан жиберилгенин далилдеген аят-белгилер менен аны кубаттадык. Ошондой эле өз коомун каапырлыктан жана наадандыктан ыйманга жана илимге чыгарууга буйрудук. Жана аларга жыргалчылыктарды берген Аллахтын күндөрүн эстетүүгө аны буйрудук. Чындыгында ал күндөрдө Аллахтын жалгыздыгына, Анын улуу кудуретине жана ыймандууларга берилген жакшылыктарына ачык далилдер бар. Мына бул нерсе менен Аллахка ибадат кылууга сабыр кылгандар, Аллахтын жакшылыктарына дайым шүгүр кылгандар пайда алышат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• أن المقصد من إنزال القرآن هو الهداية بإخراج الناس من ظلمات الباطل إلى نور الحق.
Куранды түшүрүүнүн максаты – жалгандын караңгылыктарынан акыйкат нуруна адамдарды чыгарып аларды туура жолго салуу.

• إرسال الرسل يكون بلسان أقوامهم ولغتهم؛ لأنه أبلغ في الفهم عنهم، فيكون أدعى للقبول والامتثال.
Пайгамбарлар өз элинин тилинде жиберилет. Анткени аларды түшүнүүдө чоң таасирин тийгизет. Себеби бул пайгамбарлар алып келген нерсени кабыл алып ээрчүүгө эң жакшы түрткү болот.

• وظيفة الرسل تتلخص في إرشاد الناس وقيادتهم للخروج من الظلمات إلى النور.
Пайгамбарлардын милдети адамдарды туура жолго багыттоо жана аларды караңгылыктардан нурга чыгаруу.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ኢብራሂም
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት