Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ዩሱፍ   አንቀጽ:

Юсуф

ከመዕራፉ ዓላማዎች:
الاعتبار بلطف تدبير الله لأوليائه وتمكينهم، وحسن عاقبتهم.
Аллахтын олуя пенделерине болгон мээримдүүлүгүн, мүмкүнчүлүк берүүсүн жана акыбетинин жакшы болуусун эске алуу.

الٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ
“Алиф лаам раа” бул тамгалар жана ушуга окшогон аяттар туурасында бакара сүрөөсүнүн башында айтылды. Бул сүрөөдөгү түшкөн мына ушул аяттар – ачык-айкын Курандын аяттарынан.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ قُرۡءَٰنًا عَرَبِيّٗا لَّعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ
Оо, арабдар! Силер Курандын маанилерин түшүнүш үчүн аны араб тилинде түшүрдүк.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
نَحۡنُ نَقُصُّ عَلَيۡكَ أَحۡسَنَ ٱلۡقَصَصِ بِمَآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ وَإِن كُنتَ مِن قَبۡلِهِۦ لَمِنَ ٱلۡغَٰفِلِينَ
Оо, пайгамбар! Биз сага бул Куран китебин түшүрүү менен чыныгы болуп өткөн жана сөздөрү менен көркөмдүгү кемчиликсиз эң сонун окуяларды айтып беребиз. Чындыгында, бул окуяларды түшүргөнгө чейин сенин кабарың жок эле. Жана бул туурасында сенде эч кандай илим болгон эмес.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِذۡ قَالَ يُوسُفُ لِأَبِيهِ يَٰٓأَبَتِ إِنِّي رَأَيۡتُ أَحَدَ عَشَرَ كَوۡكَبٗا وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ رَأَيۡتُهُمۡ لِي سَٰجِدِينَ
Оо, пайгамбар! Юсуф атасы Якубга мындай деп айткандыгы туурасында Биз сага кабар беребиз. Ал: “Оо, атаке! Мен түшүмдө он бир жылдызды жана күн менен айды көрдүм. Жана алардын баары мага сажда кылып жатышкандыгын көрдүм” – деп айтты. Мына бул түш Юсуф пайгамбарга сүйүнүч кабары болгон.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• بيان الحكمة من القصص القرآني، وهي تثبيت قلب النبي صلى الله عليه وسلم وموعظة المؤمنين.
Курандагы окуяларды баяндоонун даанышмандуулугу. Ал даанышмандык – пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, жүрөгүн бекемдөө жана момундарга эскертме болгон.

• انفراد الله تعالى بعلم الغيب لا يشركه فيه أحد.
Аллах таала гана кайып илимди билет. Ага эч ким шерик боло албайт.

• الحكمة من نزول القرآن عربيًّا أن يعقله العرب؛ ليبلغوه إلى غيرهم.
Куран араб тилинде түшүүнүн даанышмандуулугу арабдар акыл жүгүртүп башкаларга жеткирүү болгон.

• اشتمال القرآن على أحسن القصص.
Куран эң сонун окуяларды камтыган Китеп.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ዩሱፍ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት